Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү №3 сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 01-3/7
1 .Жайыт комитети менен келишим түзбөстөн сырттан мал алып келген малчы-фермерлерге ар бир баш мал үчүн кой-эчкиге 50 сом ири мүйүздүү мал жана жылкылар үчүн бир башына 200 сом өлчөмүндө айып акчасын салуусу белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин кеңеши тарабынан сунушталып айылдык кеңештин сессияда бекитилген бааларга ылайык, жайыт акысын алдын ала төлөбөстөн өз алдынча тоого көчүп кетишкен малчы-фермерлерге: ар бир баш мал үчүн кой-эчкиге 50 сом ири мүйүздүү мал жана жылкылар үчүн бир башына 200 сом өлчөмүндө айып өлчөмү болуп белгиленсин.
3 .Токтомдун аткарылышы жана аткаруу жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы: Джаманкулов А жүктөлсүн.
Төрага | Жаманкулов. А |