Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү № 4 сессиясы
2017-жылдын 6-июну № 01-3/2
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында Көк-Сай айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобого, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кара-Буура гезитинде расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жекшеналы уулу Чубакка жана Мониторинг тобунун төрагасы Турсунбаев Акылбекке жүктөлсүн.
Төрага | А. Жаманкулов |