Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү № 4 сессиясы
2017-жылдын 6-июну № 01-3/7
Айыл калкын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу жана сугат суусун жогорку пайдалуулукта колдонуу максатында Көк-Сай айылдык аймагына кирген Аташ-Чапкан өрөнүнөн 2,0 га жер тилкесин чакан ГЭС куруу үчүн «Джей Пи Оу Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү жөнүндө айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылынын Аташ-Чапкан өрөнүндөгү суунун боюнан жайыт катары пайдаланылбай жаткан 2,0 га жер тилкесин «Джей Пи Оу Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна чакан ГЭС жана суу сактоочу жай куруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Кичи ГЭС курууга бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш иштерин архитектуралык талаптарга ыйлайык жүргүзүлүп, жер аянтынын контурлары такталып трансформациялансын.
3. Көк-Сай айылына курулуп жаткан кичи ГЭСтин долбоору өтпөй калса,бир жылдык мөөнөттө ГЭС курулбай калса, түзүлгөн ижара келишими бир тараптуу жокко чыгат жана токтом күчүн жоготот.
4. Көк-Сай айылына ГЭС куруу үчүн келген «Джей Пи Оу Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому ГЭС ишке кирген мезгилден баштап жылына бир миллион сом айыл өкмөттүн эсебине төгүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жаманкулов |