Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү № 5 сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 01-3/2
1. Көк-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт жер аянтына муктаждыгын эске алуу менен мамлекеттик жаратылыш паркынын чегин жогору аска-зоо менен чектеп алып өтүп, парктын жер аянтын азайтып, чийилген картанын негизинде Кара-Буура райондук мамлекеттик жаратылыш паркындагы өзгөчө корголуучу категорияга өтүп калган 25809 га жер аянтыбыздан Көк-Сай айылдык аймагына айыл чарба багытындагы жер категориясына 17341 га жерди багытын өзгөртүп которуп берүү жагы суралсын.
2. Айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссия курамы баардык керектүү иш кагаздарды даярдап, жогорку инстанцияларга тапшырып, жердин багытын өзгөртүп, түзүп 17341 га жерди айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна кайтарып алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтү Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жаманкулов |