Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү № 7 сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 01-3/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомун ишке ашыруу максатында Көк-Сай айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү корунун 155 га суугат жер аянтын торук аркылуу ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү корунун 155 га суугат жер аянты 155 лотту түзүп, аукциондон женген бир жаранга ижарага 5 жылдык мөөнөткө бир гектардан берилсин.
3. Көк-Сай айылындагы №715,№703 чөйрө сызыктарынын бал бонитети жогору болгондугуна байланыштуу ижара акынын баштапкы баасы 3000сом (соц фонд,салык төлөмү жана ижара акы ичинде) өлчөмүндө ижара акы коюлсун.
4. Көк-Сай айылындагы №505, Кайнар айылындагы №415,№419 чөйрө сызыктарындагы бал бонитетинин төмөндүгүнүн негизинде ижара акынын баштапкы баасы 2500сом (соц фонд,салык төлөмү жана ижара акы ичинде) өлчөмүндө ижара акы коюлсун.
5. Аукционго коюлуп жаткан жердин баасынын ар бир арымы (шагы) беш жүз сом өлчөмүндө коюлсун.
6. Көк-Сай айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү корунун ижара акысынын төлөмү ар бир айга бөлүнүп төлөнсүн.
7. Ижарага алган мөөнөттүн ичинде субарендага берилсе келишим бир тараптуу бузулуп, жер кийинки женүүчүгө ижарага берилет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Көк-Сай айылдык аймагынын башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Жаманкулов |