Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 92
«Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылын Достук участкасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө»
Мады айыл окмотунун Асан-Чек айылынын Достук участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 5-февралындагы жалпы элдик жыйынын протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 08- февралындагы № 6 токтомун талкуулап жана элдин суроо-талабын эске алып Мады айылдык кеңешинин кезектеги 18 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асан-Чек айылынын Достук участкасына өзүнчө айыл статусу берилсин.
2. Бул токтомду бекитип, жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Достук айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сыдыков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы С.Бороновго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Мадазаимов) милдеттендирилсин.
Төрага | К.Султанбеков |