Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ2007-жылдын 2-марты № 41Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө2006-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Ушул Мыйзам улуттук телерадиоберүү корпорациясын башкаруу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле улуттук телерадиоберүүнү мындан ары өркүндөтүүгө багытталган.I главаНегизги жобо 1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети болуп улуттук телерадиоберүү корпорациясынын ишинин укуктук негизи, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан сырткары телерадиоберүүлөрдүн продукцияларын объективдүү жана толук даярдоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат. 2-статья. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Улуттук телерадиоберүү корпорациясы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, жалпыга маалымдоо каражаттар тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдердин жоболорунда ушул Мыйзамдын ченемдеринде каралгандан башка тартип белгиленсе, эл аралык келишимдин жоболору артыкчылыкка ээ болот. 3-статья. Пайдаланылган түшүнүктөр Ушул Мыйзамда саналып өткөн түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: телерадиоберүү - адамдардын чектелбеген чөйрөсүнүн жекече кабыл алуусуна багытталган эфир боюнча (жердеги же спутниктик берүүлөр) же кабель тармактары боюнча (зымдар, сандык компьютердик жана башка) ачык же код түрүндө жүзөгө ашыруулуучу теле -жана радио программаларды жана кошумча маалыматтарды таркатуу; телекөрсөтүү же радиоберүү - телекөрсөтүү же радиоберүүлөр үчүн даярдалган жана арналган, билдирүүлөрдү жана материалдарды камтыган, телекөрсөтүү же радиоуктуруу программаларынын уюштуруучулук жана тематикалык жагындагы айрым бүткөрүлгөн бөлүгү; атамекендик теле- жана радиоберүү өндүрүшү - Кыргыз Республикасында иштеп жаткан телерадио компаниялар даярдаган жана заказ кылган берүүлөр; чет элдик теле- жана радиоберүү өндүрүшү - чет өлкөлөрдө даярдалган, ошондой эле атамекендик эмес өндүрүштөгү 50 пайыздан ашыгын үн, визуалдык жана аудиовизуалдык материалдар түзгөн берүүлөр; телепрограмма же радиопрограмма - радио жыштыктарынын спектрин, кабельдик же зым тармагын пайдалануу менен берилген телерадиоберүүлөрдүн биринен - бирине өтүүчү бир бүтүндүгү; берүүнүн торчосу - белгилүү бир мезгилге майда-чүйдөсүнө чейин такталбаган берүүнүн негизги багыттарын аныктаган кошумча маалыматтарды теле- же радиопрограммалардын, теле- же радиоберүүлөрдүн берүү убактыларынын аталышынын тизмеси; телерадиопродукция - техникалык каражаттардын жардамы менен көрүү жана угуу аркылуу кабыл алуу үчүн даярдалган өз ара кадрлар (үндүн коштоосу менен же коштоосу жок) аркылуу байланышкан так сериялардан турган аудио, аудиовизуалдык чыгарма; телерадиопродукцияларды чыгаруучу - теле- же радиопрограммалардын, теле-же радиоберүүлөрдүн өндүрүшүнө адистешкен жеке же юридикалык жак; елерадиоберүүнүн техникалык каражаттары - телерадиопрограммаларды даярдоону жана аларды байланыштын техникалык каражаттары аркылуу берүүнү камсыз кылуучу жабдуу.II главаУлуттук телерадиоберүүлөрдүнкорпорациясынын ишинин укуктук негиздери 4-статья. Улуттук телерадиоберүүлөрдүн корпорациясынын юридикалык статусу 1. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (мындан ары - Корпорация) мамлекеттик мекеме деген статусу бар мамлекеттик телерадиоберүү уюму. 2. Корпорация өз алдынча балансы, эсептешүү счету, бекитилип берилген мүлкү, өзүнө таандык символдук белгиси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган мөөрү бар юридикалык жак болуп эсептелет. 3. Корпорация жана уюм, анын курамына кирген ишканалар менен бөлүмдөр менчиктештирүүгө жатпайт. Корпорациянын субъект катары өзгөчөлүгү чарба иши ушул Мыйзамга ылайык белгиленет. 5-статья. Корпорациянын эркиндиги жана көз карандысыздыгы Корпорациянын массалык маалыматтарды эркин табууга, алууга, чыгарууга жана жайылтууга болгон укугу мамлекет тарабынан кепилдикке алынат Телерадиоуктуруу продукцияларын чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, эркин, көз карандысыз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүзөгө ашырылат. Цензураны жүргүзүүгө жана цензуралык функцияларды жүзөгө ашыруу милдети кирген түзүмдөрдү уюштурууга жол берилбейт. 6-статья. Корпорациянын максаты жана милдеттери 1. Корпорация жарандардын маалыматтарды эркин алуу боюнча конституциялык укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында түзүлгөн. 2. Корпорациянын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: - улуттук телерадиоберүүнү атамекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык жүзөгө ашыруу; - коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүнө сактоого мүмкүнчүлүк түзгөн маалымат саясатын жүзөгө ашыруу; - өлкөнүн, мамлекеттик биримдигин, жарандык коомду сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүүлөрдү калыптандыруу жана анын дүйнөлүк маалымат процесстерине кирүүсүн активдештирүү; - демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын чыныгы саясий жүзүн калыптандырууга жана колдоого багытталган маркетингдик, маалыматтык жана жарнама саясатын активдүү жүргүзүү; - Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты жөнүндө, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө маалыматтарды жайылтуу, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу; - Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө керектөөчүлөргө оперативдүү маалымдоо; - журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын камсыз кылуу, ар бир адамдын укугун сыйлоо; - экономикалык, публицистикалык, маданий-маалыматтык, көркөмдүк окутуучулук, оюн-зооктук, спорттук телерадиопрограммаларды, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн телерадиопрограммаларды бийик профессионалдык, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу жана жайылтуу; - айрым мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу абалын түзүүдөн качуу менен мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин бирдей денгээлде чагылдыруу; - калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирлерин эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү. 7-статья. Корпорациянын укугу жана милдеттери Алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн 1. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү: - республиканын бардык аймагына так, объективдүү маалыматтарды жайылтууну жүзөгө ашырууга; - коомчулук талап кылган бардык багыттарды эске алуу менен ар түрдүү программаларды камсыз кылууга; - мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өстүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды өткөрүүгө; - телерадиоберүү тармагында чет өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө; - аудиовизуалдык техникалар жана технологиялар тармагында дүйнөлүк аналогдорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга; - мамлекеттик эмес телерадиоуюмдарына консультативдик жардамдарды көрсөтүүгө; - Корпорация тарабынан чыгарылган телерадиоберүү продукцияларынын архивин түзүүгө, телевизиондук фильмдерди чыгарууну жүзөгө ашырууга; - теле- жана радиоберүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмес көлөмүн мамлекеттик тилде жүзөгө ашырууга; - атамекендик теле- жана радиоберүүлөрдүн берүү көлөмүн 60 пайыздан кем эмес, чет элдик өндүрүштөгү теле- жана радиоберүүлөрдүн үлүшү 40 пайыздан ашпоосун камсыз кылууга; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүн жайылтууга жана алардын ишин чагылдырууга. 2. Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ: - телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана башка юридикалык жана жеке жактардан керектүү маалыматтарды алууга; - объективдүүлүктүн жана айкындыктын маалыматтык принциптерине ылайык өз ишин өз алдынча түзүүгө; - аларга чыгармачылык өз алдынчалыкты берүү жана чыгарган продукциясы үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен уюмдарды, ишканаларды, бирикмелерди, топторду жана кабарчылар пункттарын (анын ичинде чет өлкөдө) түзүүгө (жоюуга); - өз алдынча менчик аудио- жана видео продукцияларын, архивдик теле -жана радиоберүү продукцияларын ишке ашырууга, теле- жана радиопрограммаларын жана атамекендик жана чет өлкөлүк өндүрүштүн фильмдерин өз ара алмашууларды жүргүзүүгө; - атамекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке жактардын видео продукцияларын ээликтөө укугундагылардын макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, үйрөтүү жана башка ишкердиктерди жүзөгө ашырууга; - белгиленген тартипте нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга жана алардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга; - телекөрсөтүү жана радио маселелери боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторун түзүүгө; - Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча келишимдик негизде, чет өлкөлүктөрдү кошкондо, илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди тартууга; - белгиленген тартипте ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, кайра түзүүгө же жоюуга, алардын жоболорун (уставдарын) бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга; - белгиленген тартипте өз алдынча каржылоо шарттарында чарбалык түзүмдөрдү түзүүгө жана алар аркылуу келишимдик негизде колдонуудагы мыйзамдын чектеринде акы төлөнгөн консультацияларды, маалыматтык-тактама жана башка кызматтарды жүзөгө ашырууга; - колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акы төлөнгөн кызматтарды (иштерди) көрсөтүүгө; - атамекендик жана эл аралык телерадиоберүү уюмдары менен кызматташууга; - корпорациянын максатына жетүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишкердикти жүзөгө ашырууга. 3. Корпорация жыл сайын улуттук радионун жана телекөрсөтүүнүн эфирдик программаларын ар түрдүү кылууга жетүү максатында, ошондой эле коомдун кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн башка теле жана/же радиоберүү уюмдары чыгарган продукциялар үчүн жалпы эфирдик убактын 30 пайызын (маданий-агартуу багытындагы коммерциялык эмес программалар) тендерге коюуга укуктуу. Тендердин жеңүүчүсү тиешелүү программаларды чыгаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат, ал эми Корпорация эфирдик убакыттын 30 пайызын акысыз негизде сунуш кылат. 8-статья. Корпорациянын түзүмү 1. Корпорациянын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет: - республикалык радиотелеборбор; - мамлекеттик республикалык телекөрсөтүү жана радиоберүү, - чыгармачылык өндүрүштүк "Кыргызтелефильм" фирмасы; - областтык телерадиокомпаниялары. 2. Мыйзамда белгиленген тартипте, башка телерадиоберүү уюмдары, компаниялар, студиялар Корпорация менен биригүүлөрү мүмкүн. 9-статья. Жарнама 1. Балдар үчүн даректелген жарнамалык кулактандырууларда же балдардын образын пайдаланууда алардын кызыкчылыктарына зыян келтирүүдөн качуу керек. 2. Жарнамалык кулактандырууларды берүүдө төмөнкүдөй чектөөлөр болууга тийиш: - Корпорация жарнамалардын көлөмүн өзүнүн күндөлүк берүүсүнүн 10%дан ашпаган өлчөмүндө чектейт; - жарнамалык вставкалардын жалпы көлөмү берилген бир сааттык мезгилдин ичинде 6 мүнөттөн ашпоого тийиш; - жарнамалык материалдар керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка кириптер кылууга, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүгө тийиш эмес; - аң-сезимге таасирин тийгизген жарнамалык кулактандырууга жол берилбейт; - жарнамалык кулактандырууларда жаңылыктар программаларын жана учурдагы окуяларды дайыма алып баруучулардын образдарын, алардын визуалдык же речтик абалын пайдаланууга болбойт; - тамеки заттары жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт; - алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт, - оюн-зоок бизнеси жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт; - мыйзам тартибинде уруксат берилбеген дары-дармек, медициналык каражаттарды, продукцияларды жана медициналык багыттагы техникаларды чыгарууга жана сатууга байланышкан жарнамага тыюу салынат; - тиешелүү аткаруу бийлик органынын уруксатысыз дарылоо, алдын алуу, диагностика жана реабилитация ыкмаларын жарнамалоого уруксат берилбейт; - Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин же алардын атынан жарнамалык материалдарды, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодексте каралгандан башка учурларда,трансляция кылбайт. Социалдык жарнаманы жүргүзүүгө жана трансляциялоого уруксат берилет. Корпорациянын байкоочу Кеңеши жарнаманы жайылтууга кошумча чектөөгө, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жарнамалык убакытка караганда көп чектөөнү белгилөөгө укуктуу. 10-статья. Демөөрчүлүк 1. Корпорациянын теле- жана радиоберүүлөрүнө карата демөөрчүлүк иштер төмөнкүдөй шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш: - демөөрчүлүк программалардын мазмунуна жана расписаниесине эч кандай таасир этпөөгө тийиш; - демөөрчүлүккө алынган телерадиоберүүдө демөөрчүлүктү маалымдаган так жана ачык титрлер, жазуулар жана кулактандыруулар сөзсүз түрүндө телерадиоберүүнүн башында жана/же аягында берилүүгө тийиш; -демөөрчүлүккө алынган телерадиоберүүлөр демөөрчүнүн же үчүнчү жактын сатууларын, сатып алууларын же товарларды же кызматтарды ижарага алууну, атап айтканда, ушул товарлар же кызматтар тууралу мындай телерадиоберүүлөрдө эскертүү жолу менен кубаттоого алынбоого тийиш. 2. Телерадиоберүү тармагындагы кайрымдуулук иштер жана меценатчылык Кыргыз Республикасынын кайрымдуулук иштер жана меценатчылык жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат Өндүрүлгөн кайрымдуулук товарлары, иштери жана кызматтары жөнүндө берүүчүнүн маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт. 3. Маалыматтык, саясий жана диний телерадиоберүүлөргө карата кайрымдуулук, меценаттык жана демөөрчүлүк иштерге тыюу салынат. Өндүрүп чыгаруучулардын иш аракетинин негизги түрү болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарларды өндүрүүгө, ишке жана кызматтарга демөөрчүлүк иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Шайлоо процессинин учурунда демөөрчүлүк Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекси менен жөнгө салынат.III главаКорпорациянын ишин уюштуруу 11-статья. Корпорациянын башкаруу органдары 1. Корпорациянын башкаруу органдары болуп: - Байкоочулар кенеши; - башкы директор саналат. 12-статья. Корпорациянын байкоочулар Кенеши 1. Корпорациянын башкаруучулар кеңеши Корпорацияны башкаруунун жогорку органы (мындан ары - Кенеш) болуп эсептелет. 2. Кенеш курамы 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланган коллегиялуу орган болуп эсептелет. Партиянын лидерлери, Жогорку Кенештин депутаттары же мамлекеттик кызматкерлер Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт. Кенештин курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан беш жылга бекитилет жана: а) Кыргыз Республикасынын Президентинен - 3 мүчө; б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен - 3 мүчө; в) жарандык коомдон - 3 мүчө болуп түзүлөт. 3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана жалпыга маалымдоочу каражаттардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. Кенештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда өздөрүнүн саясий ишин жана саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтото турушат. 4. Кенештин мүчөлөрү алар шайланган мөөнөт аяктаганда өз ыйгарым укуктарын токтотушат. Кенештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: - жеке өтүнүчү боюнча; - өлгөндө же Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген оорута чалдыкканда; - Кенештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катары менен 3 жолу катышпаган учурда; - жазык кылмышы жасалган учурда. Жогоруда каралган учурларда Кенештин мүчөлөрүн чакыртып алуу жана жаны өкүлдөрүн дайындоо ошол талапкерди көрсөткөн тарап тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Кеңештин мүчөлөрү Корпорация менен иштиктүү катнашта боло алышпайт. Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин акысыз аткарышат. Кеңештин мүчөлөрүнө алардын кызматтык милдеттерди аткарып жаткандарына байланыштуу келтирилген чыгымдар транспорттук жана суткалык чыгымдар кошулуп кайтарылат. 13-статья. Корпорация Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун тартиби Кеңештин мүчөлүк кызмат ордуна талапкерлер окуу жана илимий мекемелерден, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билими жана 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болушу зарыл. Төмөндөгү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт: - мамлекеттик кызматта тургандар; - расмий посту ээлегендер же саясий партиянын штатында тургандар; - Корпорациянын же берүүчүлөрдүн башка кызматкерлери; - бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын шайлануучу кызмат ордун ээлегендер; - берүү же телекоммуникация чөйрөсүндө кызматта туруп, ушул тармактан эмгек акы алып же аларга карата тике жана кыйыр финансылык кызыкчылыктары барлар. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 10 талапкерди сунуш кылат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5өөнү бекитет. Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5өөнү бе-китет. Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) өзүнүн сунушун жазуу жүзүндө профилдик комитетке киргизет. Комитет сунушталган талапкерлердин арасынан жогоруда аталган критерийлер боюнча тандоо жолу менен 10ун тандап алып, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен 5өөнү бекитет. Жогорку Кеңеш Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуштарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. Добуш берүүнү даярдоону компетенциясына жалпыга маалымдоо каражаттары кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети жүзөгө ашырат. Талапкерди көрсөтүү жана аларды бекитүү ачык өтөт. Комитет талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт. 14-статья. Корпорация Кеңешинин ишин уюштуруу 1. Кеңеш жылына кеминде 4 жолу чакырылат, ошол эле учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен Кеңештин жылдык жыйналыштары өткөрүлүп, Кеңештин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылат. 2. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын, Корпорациянын башкы директорунун, болбосо анын мүчөлөрүнүн курамынын кеминде үчтөн биринин өтүнүчү боюнча чакырылат. 3. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, ыйгарым укуктуу болот. Кворум жок болгондо жыйналыш башка күнгө которулат. Кеңештин чечимдери, түздөн-түз ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкарыда, Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 4. Кеңешти төрага жетектейт. Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат. Кеңештин төрагасынын компетенциясына төмөнкүдөй иш милдеттери кирет; - Кеңештин чогулушунун убактысын, өткөрүлүүчү ордун жана күн тартибин аныктоо; - жыйналышты анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу; - Кеңештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу; - өзү жок болгон учурда Кеңештин мүчөлөрүнүн бирин Кеңештин жыйна-лышына төрагалык кылууга дайындоо; - Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо. Эгерде Кеңештин бүткүл курамынын үчтөн экиси менен Кеңештин мүчөлөрү ага ишеним көрсөтүшпөсө Кеңештин төрагасы чакыртылып алынат. Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынан протоколдонот. Кеңештин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: - жылдык кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыруу боюнча бүткүл уюштуруу ишин жүргүзүү, жыйналыштар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылаштыруу; - Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштар, күн тартиби, өткөрүлүүчү убактысы жана орду жөнүндө жылдык жана кезектеги жыйналышты өткөрүүгө чейин кеминде 30 күн мурда жана кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде 10 күн мурда маалымдоо түрүндө кабар берүү; - Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүү. 5. Корпорациянын Башкы директору Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышууга акылуу. 15-статья. Корпорация Кеңешинин ыйгарым укуктары жана укуктары Кеңеш белгиленген милдеттердин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу: - Корпорациянын уставын, Кеңештин Регламентин, Редакциялык принциптерди бекитүүгө, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу бөлөк документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Корпорациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга; - Корпорациянын чыгашаларынын (бюджетинин) сметасын, пландык документтерин жана каржылык отчетторун кароого жана макулдашууга; - Корпорациянын каржылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин пайдаланылышы жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга; - Корпорация тийиштүү кызмат адамдарынан каржылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан документтерди белгиленген тартипте суратып алууга; - уставда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды, жумушчу топторун түзүүгө; - Корпорациянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө; - Корпорациянын иши боюнча документтерди көз карандысыз текшерүүнү, аудитти жүргүзүү, консультациялар алуу үчүн консультанттарды тартууга жана жумушчу топторун түзүүгө; - Корпорациянын ишине тийиштүү зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте талап кылууга жана алууга; - Корпорациянын ишинин маселелери боюнча жарандар менен уюмдардын Кеңештин дарегине келип түшкөн жана жөнөтүлгөн арыздарын жана кайрылууларын кароого; - Корпорациянын Башкы директорун жөнөкөй көпчүлүк добуш менен конкурстук негизде шайлоого; - жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен Корпорациянын башкы директорун кайра чакыртып алууга; - жалпы курамынын үчтөн экисинин добушу менен Башкы директорду, анын 3 орунбасарын дайындоого жана бошотууга. 16-статья. Корпорация Кеңешинин ишин камсыз кылуу 1. Кеңеш коомдук негизде иштейт. 2. Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык, каржылык жана башка жагынан камсыз кылууну белгиленген тартипте Корпорация жүзөгө ашырат. 17-статья. Корпорациянын жылдык аудити Корпорация жыл сайын милдеттүү түрдө финансылык жана чарбалык иштеринин сырткы аудитинен өтөт. Аудитордук фирманы тендердин негизинде Кеңеш тандайт. Аудитордук фирманын отчету Кеңештин кароосуна берилет, ошондой эле отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбей жарыяланат. 18-статья. Корпорациянын иши боюнча отчет Кеңеш жыл сайын, отчеттон кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен Корпорациянын иши боюнча жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тапшырат. Кеңеш сырткы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары менен бирге Корпорациянын жылдык отчетун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана кеңири жайылтат. Ар бир жылдык отчет төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: - жетекчилик жана каржылоо жөнүндө маалыматтарды; - өткөн жылда Корпорация жүзөгө ашырган иштерди баяндоо түрүндө жазууну; - Корпорациянын өткөн жылдагы максаттары, аларга жетишүүнүн деңгээли жана кийинки жылга милдеттери; - Корпорацияга толук же жарым-жартылай, тике же кыйыр тиешелүү бардык компаниялар же ишканалар жөнүндө маалыматтар; - өткөн жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жалпы маалыматтар менен сырткы аудиттин жыйынтыктары; - келерки жылга бюджет; - Корпорациянын редакциялык саясаты; - программалардын сеткасы жана ага пландаштырылган өзгөртүүлөр; - көз карандысыз өндүрүүчүлөр даярдаган, мындай өндүрүүчүлөрдүн же компаниялардын аттары/аталыштары менен бирге трансляциялаган программалардын тизмеси; - керектөөчүлөрдүн арыздары жөнүндө маалыматтар жана коомдук берүүгө аздыр-көптүр сунуштар. 19-статья. Корпорациянын Башкы директору 1. Башкы директор Корпорациянын аткаруучу органы болуп саналат. 2. Башкы директор Корпорацияны башкарат жана анын бардык операциялары жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болот. 3. Кеңеш бир айдын ичинде өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Корпорациянын Башкы директорун шайлайт. 4. Башкы директор 5 жылга шайланат. Башкы директорду шайлоо Байкоочу Кеңеш тарабынан конкурс боюнча альтернативалык негизде жүргүзүлөт. 5. Башкы директордун жана анын орун басарларынын иш милдеттери Корпорациянын уставында так регламенттештирилүүгө тийиш. 20-статья. Корпорациянын мүлкү жана анын ишин каржылоо 1. Корпорацияны каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин корголгон статьясынын эсебинен жүзөгө ашырылат. 2. Каржылоо ошондой эле: - жарнамалардын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын; - продукцияны, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка түрлөрүн ишке ашыруудан алынган өзүнүн каражаттарынын; - автордук укуктарды пайдаланууга байланышкан кирешелердин; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кире-шелердин эсебинен жүзөгө ашырылат. 3. Корпорациянын имараттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана Корпорацияга чарба күтүү укугунда бекитилип берилет.IV главаКорпорациянын программалык жана редакциялык саясаты 21-статья. Корпорациянын программалык саясаты Корпорация Кыргыз Республикасынын бардык калкынын кызыкчылыктары үчүн анын этникалык, маданий жактан ар түрдүүлүгүн эсепке алуу менен өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат. Корпорация коомдо орун алган пикирлердин жана көз караштардын бүтүндөй диапазонун чагылдырган, учур талап кылган жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канагаттандырат. Корпорация төмөнкүдөй берүү кызматын сунуш кылат, алар: - Өкмөт, саясий, болбосо экономикалык күчтөр тарабынан контролдукка алынбайт, ак ниет редакциялык саясатты чагылдырат жана Корпорациянын көз караштарын, болбосо пикирин билдирбейт; - өлкөнүн ичиндеги жана анын сыртындагы жалпы кызыкчылыктарды билдирген учурдагы окуялар жөнүндө жаңылыктардын ар тараптуу, объективдүү жана оор басырыктуу берүүлөрүн, анын ичинде прайм-таймдарды, трансляциялоону көздөйт; - негизги мамлекеттик органдардын иштерин жеткиликтүү деңгээлде чагылдырат; - өлкөнүн ар түрдүү аймактары үчүн кызыгууну жараткан программаларды сунуш кылат; - өлкөнүн маданий ар түрдүүлүгүн таануу жана ошол эле учурда чагылдыруу менен улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө түрткү берет; - бардык этникалык топторго жана азчылыктарга, анын ичинде этникалык жана башка азчылыктар үчүн атайын берүү кызматтарын түзүү менен алардын тилдеринде сөз беришет; - түрдүү аудиторияларга эсептелген кеңири керектөө программаларын жана атайын программаларды билгичтик менен айкалыштырышат; - балдарга багытталган программалардын жана билим берүү программаларынын зарыл болгон санын трансляциялашат; - теле- жана радио өндүрүшүнүн өнүгүшүнө мүмкүндүк түзүшөт жана коомдун ичинде талаш-тартыштардын маалымдуулугуна жана өтүп жаткан окуяларга сын көз менен кароого көмөктөшүшөт. Өлкөнүн теле- жана радиоберүүлөрүнүн көлөмүнүн 60 пайыздан кем эмесин камсыз кылышат, жана аларда чет элдик теле- жана радиоберүүлөрдүн көлөмү 40 пайыздан ашпоого тийиш. - теле- жана радиоберүүлөрдүн көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде болушун жүзөгө ашырышат. Программалык саясаттын кошумча эрежелерин Корпорация Кеңеши белгилеши мүмкүн. 22-статья. Корпорациянын редакциялык саясаты Өзүнүн чыгармачылык ишинде Корпорациянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Редакциялык саясат жана башка ички актыларды жетекчиликке алышат. Чыгармачылык кызматкерлер Редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алышат. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толуктуулук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш. Жашы жете элек өспүрүмдөр, жаратылыш кырсыктарынан жана катастрофалардан, кылмыштардан жапа чеккендер жөнүндө материалдарда өзгөчө сактык талап кылынат; - жеке турмуш, шектүүлөргө, күнөөлөнгөндөргө жана соттолуучуларга кек сактабоо принциби сыйлоого алынат, маалымат булактарынын жана псевдонимдердин купуялыгы корголот. 23-статья. Корпорациянын маалыматтык берүүлөрү Корпорация Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бардык коомдук маанилүү окуялар тууралу толук жана оперативдүү маалымат берет. Жаңылыктар кек сактабагандай, тең салмактуу жана көз карандысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш. Корпорация ушул Мыйзамга жана ички актыларына ылайык кандай темалар коомдук маанилүү экендигин өз алдынча аныктайт. Корпорация Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасына өзгөчө билдирүүлөрдү жасоо үчүн акысыз эфирдик убакыт берет. 24-статья. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялуулугу Корпорация парламенттик угууларды, Өкмөттүн, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын жыйналыштарын түз эфирде жана жазып алып берүүгө укуктуу. Корпорация мамлекеттик бийлик органдарынын кол алдында турган архивди, документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу. Корпорация жалпы маалыматтык кызыкчылыктарды туудурган жана кеңири журтчулукка жеткиликтүү маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирип катышууга укуктуу. Маалымат булактарынын купуялуулугу (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) мыйзам менен кепилденет. Коомдук кызыкчылыкка олуттуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан булактар соттун чечими негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн. 25-статья. Үчүнчү тараптын программалары Кыргыз Республикасында теле- жана радио өндүрүшүн алга жылдыруу жана берилген программаларда пикирлердин жана көз караштардын кеңири диапазонун чагылдыруу максатында Корпорациянын эфиринин 30%зы көз карандысыз өндүрүүчүлөр чыгарган берүүлөрдөн турушу керек. Корпорация башка уюмдарга программаларды өндүрүүнү Кеңеш бекиткен жол-жобо боюнча заказ берет Заказ кылынган программаларды берүүнүн убактысы Корпорациянын күндүк эфирдик убактысынан 20% дан кем эмес жана 30%дан ашпашы керек 26-статья. Жооп берүү укугу Корпорация жайылткан программа тарабынан кызыкчылыктарына доо келтирилген ар бир адам ага жооп берүүгө укуктуу Жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелип, жазуу жүзүндө жана кызыкдар адамдын колу менен күбөлөндүрүлүп берилиши зарыл. Жооп ошондой эле түз эфирде берилиши мүмкүн Корпорация жоопту акысыз жана тез аранын ичинде жеткирүүгө милдеттүү. Корпорация: - эгерде жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелбесе; - эгерде жооп негизсиз өтө эле узак болсо; - эгерде адам өзүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушун далилдей албаса; - эгерде төгүнгө чыгаруу тууралу талап талаш маалымат жарыялангандан эки айдан кийин түшсө, жоопту жайылтуудан баш тартууга укуктуу.V главаКорутунду жоболор 27-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 28-статья. Ушул Мыйзам менен ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев