Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 93
«Мады айылдык кенешинин депутаттары Ж.Авазов менен А.Балтабаевтердин арызы жөнүндө»
Мады айылдык кеңешинин Учкун айылынын депутаты Авазов Жаныбектин, Асан-Чек айылынын депутаты Балтабаев Айбекттердин өздөрүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арыздарын карап жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкуруу жөнүндөгү мыйзамынын 24- беренсин негиз кылып Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айылдык кеңешинин Учкун айылынын депутаты Авазов Жаныбектин, Асан-Чек айылынын депутаты Балтабаев Айбекттердин өздөрүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арыздары канааттандырылсын.
2. Айылдык кеңештин депутаттры Ж.Авазов менен А.Балтабаевтердин депутаттык ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп, алардан кийин добушка ээ болгон талапкерлердин депутаттык мандаттарын бекитип берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага | К.Султанбеков |