Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 18/95
«Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык – экономикалык онугуусун камсыз кылуунун абалы жана 2016-жылга божомолу жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык –экономикалык онугуусун камсыз кылуунун абалы жана 2016-жылга божомолу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин маалыматын Мады айылдык кеңешинин кезектеги 18 сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин 2015-жылда социалдык –экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча аткарган иштери жана 2016-жылга божомолу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Мады айылдык округунун экономикасынын өнүгүүсүн туруктуу камсыз кылуу,социалдык маданий абалын жакшыртуу, элди иш менен камсыздоодо баардык онор-жай,курулуш,трнспорт,соода,байланыш,элге акылуу кызмат көрсөтуу тармактарынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу,чет элдик инвестицияларды тартып келуу менен жергиликтүү сырьелорду пайдаланып продукция чыгаруучу чакан жана орто ишканаларды ачуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине ,айыл башчыларга жана чарба жүргүзүүчү субектердин жетекчилерине жүктөлсун.
3. Айыл өкмөтүнүн жетекчилигинге 2016-жылга бекитилген социалдык –экономикалык божомолунда көрсөтүлгөн тарыхий-маданий мурастарды коздун карегиндей сактоого шарт тузуу,айыл чарба продукцияларын көбөйтүү,өндүрүштүү которуу,мал чарбасын өнүктүрүү жана алардан өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу,ондурулгон продукцияларды өз убагында керектөөчүлөргө жеткируу, аны сатып өткөруу иштерин уюштуруу,дыйкан чарбаларга ,фермерлерге жана жеке ишкерлерге жакындан жардам берип колдоо көрсөтүү менен аларды сапаттуу үрөн,жер семирткичтер,айыл чарба шаймандары техникалык каражаттар,куйуучу жана майлоочу майлар менен камсыз кылуу,малдын асыл тукумдуулугун арттыруу,ветеринардык кызматтан пайдалануусу учун жакындан жардам берүү иштерин уюштуруу жагы айы өкмөтүнүн жетекчилигине ,айыл башчыларга жана ветеринардык кызматкерлерге жүктөлсүн
4. Айыл чарба жерлеринин асылдуулугун которуу максатында майда дыйкан чарбаларды биргелешип жерди иштетүүгө үйрөтүү,куносканаларды курууну колго алуу, жакынкы жана алыскы жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, аларды турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана тийиштуу адистерге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тийиштуу туруктуу комиссияларына ( Ж.Аматов ,Б.Мадазимов) жуктолсун.
Төрага | К.Султанбеков |