Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 4
«Акман айыл аймагындагы “Акман таза суу” ИСКАКБнын 2015-жыл ичинде жасаган иштеринин аткарылышын кароо жөнүндө»
Акман айылдык аймагындагы “Акман таза суу” ИСКАКБ боюнча Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык аймагындагы “Акман таза суу” ИСКАКБ боюнча Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун 2015-жылы жасаган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Акман айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуу менен 2016-жылдын (2) экинчи кварталында аткарылган иштери боюнча маалыматын берүү Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Сопуевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Р.Жолдошов |