АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы №13
"Акман айыл аймагында жер маселеси боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө"
Акман айыл аймагынын жетектөөчү адиси С.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында жер маселесиндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн.
- Калыков Ш айылдык кенештин депутаты,комиссиянын төрагасы.
-Исмаилов С айыл аймагынын орун басары
-Сариев А айылдык кенештин депутаты
-Маматкулов С жетектөөчү адис
-Ажыматов М айылдык кенештин депутаты
-Самидинов С айыл башчы
-Кабулов К айыл башчы
-Таникулов К айыл башчы
-Арыкбаев К айыл башчы
-Сатаров А айыл башчы
-Тилекеев А райондук жер комитетинин адиси
-Абдыгулов райондук архитектура бөлүмүнүн адиси
-Калимбетов Н башкы адис
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Р.Жолдошов |