Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-декабры № 27-11/11
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү жер тилкелерин жана объектерин алып алууга тыюу салуу жана Каракол шаарынын территориясындагы коргоо ишканаларынын жерлерин башка категорияга которууга мораторий жарыялоо жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын 26-октябрындагы, № 01-7/540 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү жер тилкелерин жана объектерин алып алууга тыюу салынсын жана Каракол шаарынын территориясындагы коргоо ишканаларынын жерлерин башка категорияга которууга мораторий жарыялансын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |