Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-декабры № 27-11/12
Карасаев атн.көчөнүн жогорку тарабында жайгашкан, жаңы конуштун бир көчөсүнө Турген Асановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице - мэри А.Ж.Каниметовдун, 2016-жылдын 27-сентябрындагы, кир.№01-7/510 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карасаев атн.көчөнүн жогорку тарабында жайгашкан, жаңы конуштун бир көчөсүнө, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ардагери - Турген Асановдун ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдоону жана Турген Асанов атн.көчөнүн бурчтагы үйлөрүнө тактырууну камсыз кылсын.
3. Демилгелүү топ, Турген Асанов атн. көчөнү абаттоого, жашылдандырууга мүмкүн болушунча жардам беришсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |