Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-декабры № 27-11/13
"Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамы бериле турган атуулдардын санын бекитүү жөнүндө"
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, "Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамы жөнүндөгү Жобонун 3-бөлүмүнүн, 8-беренесине ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына, 2016-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен "Тарых жана маданият" жылы деп жарыялангандыгын эске алып, "Каракол шаарынын Ардактуу атуулу" наамы бериле турган атуулдардын саны, адаттан тышкары, 12ге чейин көбөйтүлсүн.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн
Төрага | Э.Айсаракунов |