Редакцияот 01.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

от 2016-жылдын 01-декабры № 27-11/14

"№5 бала-бакчанын терезелерин алмаштыруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 3 000 000 (үч миллион) сомду түзгөн, "№5 бала-бакчанын терезелерин алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, 900 000 (тогуз жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунда каралышын камсыз кылсын.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Айсаракунов