Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-декабры № 27-11/17
«№7 жалпы билим берүү мектебинин терезелерин жана чатырын алмаштыруу» долбоору боюнча боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597 катын, карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 2 996 800 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миң сегиз жүз) сомду түзгөн, «№7 жалпы билим берүү мектебинин терезелерин жана чатырын алмаштыруу» долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, 899 300 (сегиз жүз токсон тогуз миң үч жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда, каралышын камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |