ТоктомКүчүндө

2016-жылдын 01-декабрындагы № 27-11/18 «№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайды оңдоо» долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция01.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 01-декабры № 27-11/18

"№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайды оңдоо" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/597, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), сметалык баасы 2 761 000 (эки миллион жети жүз алтымыш бир миң) сомду түзгөн, "№10 бала-бакчасынын санитардык түйүнүн куруу жана кир жуучу жайын оңдоо" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуу үчүн, , 828 300 (сегиз жүз жыйырма сегиз миң үч жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатты, 2017-жылдын бюджетинин долбоорунда каралышын камсыз кылсын.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Айсаракунов