Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын «20» июлу № 5
«Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыттары жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеӊешинин депутаттарынын экинчи кезексиз сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
-2016-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири муйуздуу мал-бир баш учун 60-00 сом
Кой, эчкилерге-бир баш учун 12-00 сом
Жылкылар –бир баш учун 60-00 сом
3. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт
участоктору учун жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды
жергиликтуу бюджетке багыттоо милдети жүктөлсун.
4.. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн
башчысы Садыков Тынчтыкбекке жүктөлсун.
Төрага | И.Шакеева |