Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 23–июну № 7-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31- декабрына чейинкимезгилде социалдык- экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү Көк-Жар айыл округунда айыл өкмөтүнүн карамагындагы бюджеттикмекемелерде болуп өттү.
Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамына таянып иш жүргүзүүдө белгиленген. Аудиттик текшерүү учурундагы кемчиликтерди карап чыгып, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекеме ишканаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттин киреше жана чыгаша тарабына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп,бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансылык тартип бузууларда жол бергендиги эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана тийиштүү адистер менен электрэнергияны эффективдүү пайдалануу боюнча иш алып баруу жагы колго алынсын. 2016-жылдагы эсептелинген350,5миң сомду жазана акчанын тууралыгын аныктоо менен бюджетке кайтаруу боюнча иш-чаралар жургузулсун.
3. Мындан ары транспорттук жана сапардамалык чыгымдар ашыкча жумшалбасын.
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мукумбаев бухгалтериялык эсепти жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү мындан ары жакшыртсын. Ар жыл сайын отчет түзүүнүн алдында товардык – материалдык баалуулуктарга инвентаризацияжүргүзсүн.
5. Каргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16-май 2011-жылдагы «224-токтомунун негизинде иш жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |