Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23–июну № 7-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2017-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2016-жылдан калган калдыкты бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк бюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы №2 чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2017-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2016-жылдан калган 2 172 000(эки миллион бир жүз жетимиш эки миң) сом калдыкты, мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу, айыл өкмөтүнүн бүткөрүлүүчү иштерине берген билдирүүсүнө негиз акча каражатын жумшоого макулдук берилсин.
2. Бөлүтүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларга коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мукумбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |