Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-декабры № 27-11/25
Каракол шаарында Токтогул атн. жана Торгоев атн.көчөлөрдүн кесилишинен жогору, борбордук стадиондо жайгашкан жер тилкесин, убактылуу (мөөнөттүү), үч айга, 2016-2017-жж.кыш мезгилине, ижара шартында пайдаланууга берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2016-жылдын 23-ноябрындагы, чыг.№01-19/1427 катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын бюджетине акча каражаттын түшүшүн жана муниципалдык мүлктүн туура пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында Токтогул атн. жана Торгоев атн.көчөлөрдүн кесилишинен жогору, борбордук стадиондун төмөнкү футболдук талаасынын таризделишине чейин, Каракол шаарынын мэриясы жана ММБДси, арыздар түшсө, жер тилкесине, убактылуу пайдалануу укугун, кышкы мезгилде муз аянтчасын куюуга берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, ижарачы менен, 2016-2017-жж. үч айына (2016-жылдын декабрь айы, 2017-жылдын январь, февраль айлары) баштапкы баасы, жылына 410 000 (төрт жүз он миң) сомдон кем эмес, (сезонго 123 000сомго), баасынан +20% жогорулатылган баага, келишим түзсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |