Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23 - июну № 7-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2017-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2016-жылдан калган калдыктын эсебинен, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине акчалай сыйлык кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мукумбаевдин айткан сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз республикасынын «Эмгек кодексинин» 2-бөлүмүнүн 20-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2017-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2016-жылдан калган калдыктын эсебинен, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине эки окладдан акчалай сыйлык каралып, жалпы суммасы 457 646 (төрт жүз элүү жети миң алты жүз кырк алты)сом жана анын социалдык фондуна 78 944( жетимиш сегиз миң тогуз жүз кырк төрт) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Мукумбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |