Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23 - июну № 7-6
Кок-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жыл учун Республикалык бюджеттен келген каражаттарды бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 20- июнундагы № 4 чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жыл учун Республикалык бюджеттен келген 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаттарын мыйзам чегинде максатту пайдаланууга акча каражатын жумшоогоо макулдук берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |