Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 8-2
Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин жылуулук системасынын капиталдык ремонтун Республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебине киргизүү үчүн, айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджет эсебинен кароого макулдук берүү жөнүндө.
Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин жылуулук системасынын капиталдык ремонтун Республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебине киргизүү үчүн, айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджет эсебинен кароого макулдук берүү максатында , Каргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын бюджеттик бөлүмүнө ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин жылуулук системасынын капиталдык ремонтун Республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебине киргизүү үчүн, айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралуучу бюджет эсебинен кароого макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин жылуулук системасынын капиталдык ремонтун Республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебине киргизүү үчүн докуметтерди даярдоо жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |