Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 8-3
«Көк-Жар айылындагы «Комсомольская» көчөсүнүн атын Аскаров Арзыбай атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө»
Көк-Жар айылынын «Комсомольская» көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар Айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесе ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылындагы «Комсомольская» көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канааттандырылсын;
2. Көк-Жар айылындагы «Комсомольская» көчөсүнүн аты Аскаров Арзыбай атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишкердүүлүк боюнча турктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |