Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги III отурумунун
2017-жыл 8-февраль 3/1
2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү
2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы ,социалдык -экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегия планы 2017-жылга жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3.2017-жылдын башында бекитилген айыл округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегия пландарынын 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландарын аткаруу боюнча уюштуруучулук иштерди жакшырту, аткаруу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |
2016-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландырынын аткарылышы жана социалдык - экономикалык өнүгүү планын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө Н.Матановдун билдирүүсү
Ленин айыл өкмөтүнүн 2016-жыл ичинде социалдык - экономикалык өнүгүү программасы 1 жылга пландаштырылып төмөндөгүдөй иштер аткарылды.:
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2016-жылдын жыйынтыгы менен өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө ийгиликтер жаралып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр өсүш көрсөтүү менен бир топ иштер аткарылды. Жогорку органдардан келип түшкөн жана кабыл алынган токтомдор, буйруктар өз мөөнөтүндө катталып, аткарууга тийиштүү кызматкерлерге өз мөөнөтүндө жеткирилип, аткарылды. Тактап айтканда жогорку органдардан келген токтом, буйруктар 180,, мекеме ишканалардан келген каттар 292 кат, келген арыздар 75. Келген каттар катталып тиешелүү адистерге өз убагында жеткирилип аткарылышы камсыз болду.
Айыл өкмөтүнүн отурумдары жана айылдык Кенештин заседаниелери өткөрүлүп, түрдүү маселелер каралып, мыйзам чегинде чечилип иш алынып барылды.
Жарандык абалдын актыларын каттоодо 205 бала төрөлгөндүгү, өлгөндүгү жөнүндө 38 адам, никелешүү боюнча 65 жаран катталган. Ал эми учеттон чыкандар 29 болсо, учетко тургандар 31 адамды түзөт. Миграциялык абал боюнча айыл өкмөтүнүн тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ленин айылдык өкмөтүндө 3 орто мектеп, 1 баштооч мектеп, 2 балдар бакчасы, 3 китепкана, 2 айылдык клуб, 3 ФАП,1үй бүлөлүк дарыгерлер борбору,1 байланыш бөлүмү, 1 дарыкана бар. Аларда баары 229 киши эмгектенет. Анын ичинен С. Жаанбаев атындагы орто мектебинде 50 мугалим, 16 тех кызматкер, Карыев атындагы орто мектепте 29 мугалим, 9 тех кызматкер. Жээнбеков атындагы орто мектепте 42 мугалим, 12 тех кызматкер. Тооашкан баштооч мектебинде 5 мугалим, 4 тех кызматкер эмгектенишет. Согонду айылындагы «Б. Арзиева» балдар бакчасында 5 тарбиячы, 10 кызматкер, Мурдаш айылындагы «Жоогазын» балдар бакчасында 3 тарбиячы, 7 кызматкер эмгектенет.
БЮДЖЕТ. Толуктоочу грант 6505,6 мин сом.Тоолуу райондорго электр энергисы боюнча компенсациялоо – 766,6мин сом. Эмгек акы боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке компенсациялоо – 50,6 сом бөлүндү.
САЛЫК. 2016-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетине салык жыйноо боюнча 1936,9 мин сомго план белгиленип, 2362,6 сомго аткарылды башкача айтканда 121,9% ашыкча аткарылуу менен төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болду.
таблица 1
№ | аталышы | Жылдык план | аткарганы | % |
1. | Киреше салыгы | 698,0 | 799,0 | 114 |
2. | Кыймылсыз мүлк салыгы | 5,8 | 6,7 | 137 |
3. | Патенттик төлөм | 60,0 | 61,1 | 102 |
4. | Транспорт салыгы | 190,0 | 223,8 | 118 |
5. | Физикалык жер салыгы | 124,0 | 125,1 | 101 |
6. | Юридикалык жер салыгы | 24,0 | 37,6 | 156,6 |
7. | Не с/х жер салыгы | 20,0 | 42,1 | 110,5 |
8. | Сатуудан алынуучу салык | 51,0 | 32,1 | 63 |
9. | Кен байлыктардын лицензиясы учун | - | 873,9 | = |
10. | Ички жайыттын арендасы | 20,0 | 72,0 | 360 |
11. | Аренда ФПС | 56,0 | 56,1 | 100 |
12. | Муниципалдык имарат арендасы | 5,0 | 5,0 | 100 |
13. | Гос пошлин | 20,0 | 21,5 | 107,5 |
14. | штраф | 1,0 | 6,5 | 650 |
15 | Калктуу конуштагы жер арендасы | 162,0 | = | = |
16 | родвзнос | 500,0 | 630,2 | 126 |
17. | жыйынтык | 1936,9 | 2362,6 | 121,9 |
МАЛ ЧАРБА. 2017-жылга карата малдын башы: ири мүйүздүү мал 3158 баш, анын ичинен 1596 баш саан уй; 1539 баш жылкы; баш кой- 17834, анын ичинен тубар кой – 11753; эчки 1759, анын ичинен тубары 1474; канаттуулардын башы 4313 гө жетти.
Социалдык тейлоо боюнча:
Толтурулган социалдык паспорттордун негизинде 1 айлык кирешеси жан башына 0-810 сомго чейинки колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдүн саны-74, кирешеси 810-1354,1 сомго чейинки колдоого муктаж үй-бүлөөлөрдүн саны-679, жалпы жакыр үй-бүлөөлөрдүн саны-753 болду. Жалпы жакыр үй-бүлөөлөрдүн саны 753 үй-бүлөөнү түзүп, айыл өкмөтүндөгү жакырчылыктын денгээли 55,8 пайыз болду.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы колдоого муктаж, кыйынчылыкка дуушар болгон калктын социалдык катмарын терен анализдөө жана социалдык паспортторду толтуруу иштери менен биргеликте мамлекеттик жөлөк пулдардын туура чегерилиши, пенсия, пособиялардын өз убагында берилиши, ошондой эле женилдик алуучу атуулдарга женилдиктерди өз мезгилинде мыйзам чегинде жеткирилиши дайыма көзөмөлдөнүп турулат. Айыл өкмөтү боюнча 188 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 4 тоголок жетим балдар, 101 жарым жетим балдар, 805 пенсионер жана 180 мамлекеттик жөлөк пул алуучулар бар. Андан сырткары женилдик алуучу ар түрдүү категориядагы 33 атуулдарыбыз жана 12 жалгыз бой карыяларыбыз бар. Аларды социалдык жактан коргоо айыл өкмөтүнүн башкы иш-аракети болуп саналып, бир катар колдоолор көрсөтүлүп жатат. Жалгыз бой карыяларыбыз мектептеги «Манас», «Семетей» уюмдарына щефтикке бекитилип берилген. Алар жазгы талаа иштеринде жер участокторун иштетүүгө, күнүмдүк тиричилигине жардамдарды берип турушат.
Ленин айыл өкмөтүндө жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Абиев Ымынапаз жана Маманов Арынга ГСВ, ФАП кызматкерлери ай сайын үйлөрүнө барып кан басымын өлчөө менен ай сайын келген рецепт менен керектүү даары-дармектерин берип турушат. Жакынкы күндөрдө ардагерлерди ЦСМ тарабынан берилген аптечка менен камсыз кылышат.
Ошондой эле айыл өкмөттүн аймагындагы согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстеликтерин тазалоо, ондоп сырдоо, айланасын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү иштери жүргүзүлүп турат.
15-февраль Афганчылар күнүнө карата айыл өкмөттүн аймагында жашаган 2 катышуучусуна айыл өкмөт тарабынан 6000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
8-март Аялдардын Эл Аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 7000 мин сом акча каражаты бөлүнүп, айыл окмоттун аймагындагы 8 аялга райондук майрамдык салтанатка барып катышып келууго жолдомо берилди.
21-март “Нооруз” элдик майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөт боюнча чон салтанат өткөрүлдү.
9-май улуу Жеништин 71 жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттен 9 000 сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөтүндөгү ардагерлерге акчалай жардам көрсөтүлүп, Гүлчө айылында өткөн жениш парадына эки ардагер катышып келишти.
19-май Энелер майрамына карата 5000 сом акча каражаты болунуп 30 аялга белектер таратылды.
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 3 000 сом акча каражаты бөлүнүп, айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларда тарбияланган 150 балага белектер берилген.
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнү 25 жылдыгына карата карата жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жумшалды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга демөөрчүлөрдүн эсебинен жардам катары 120 тонна комур таркатылып берилди.
3-декабрга карата мумкунчулугу чектелген 1-топтогу жарандар учун айыл окмот тарабынан 8000 сом акча каражаты жумшалып, белектер таратылды.
ЖАЙЫТ КОМИТЕТИ. Жайыттын жалпы - аянты 14303га, анын ичинен пайдаланылган жайыт аянты 2629га. Жайыт комитетинин жылдык планы 165,0 мин сомго план бекитилип, 167,0 мин сом жыйналды.
ИНВЕСТИЦИЯ.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы жарлыгы менен жарыяланган : Кыргыз Республикасында “2016-жыл – Тарых жана маданият жылы”, Ош облусунда “2016-жыл – тарыхый маданият мурастарды жана туризмди онуктуруу жылы” , ал эми ага ылайык Алай районунун аймагында “2016-жыл – райондун туристтик тартымдуулугун арттыруу жылы” деп белгиленген. Ага байланыштуу Ленин айыл окмотунун аймагында жыл ичинде томонкудой инвестиция тартылып, иштер аткарылды:
Спорт комплекс куруу – 9 млн. сомдук жумуш аткарылып, иш уланууда.
20 жылдык бутуруучу демоорчулор тарабынан С.Жаанбаев атындагы орто мектебине 63,0 сомдук музыкалык аппарат алынды.
20 жылдык бутуруучу демоорчулор тарабынан А. Жээнбеков атындагы орто мектебине 300,0 сомго футбол ойноочу мини спорт аянтчасын курулуп берилди .
Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан Кара-Талаа участкасына 300,0 сомдук дамба коюлду.
“Жоогазын” балдар бакчасында спонсорлор тарабынан 150,0 сомго иштер аткарылды (забор куруу, корктондуруу, бакчанын ички жасалгалары).
Айыл окмоту учун интернет туйуну туташтырылып, 100,0 сомдук иш аткарылып пайдаланууга берилди.
Айыл окмотко 740,0 сомго КАМАЗ алынды.
Б. Арзиева балдар бакчасынын айланасын темир тосмо менен тосуу иштери учун 198,0 сом акча каражаты болунуп, иштер толугу менен аткарылып бутту.
Согонду айылынын маданият уйунун айланасын темир тосмо менен тосуу иштери учун 178,5 сом акча каражаты болунуп, иштер толугу менен аткарылып бутту.
Алай районунун борбору болгон Гулчо айылында откорулгон “Улуу Мурас” конкурс-фестивалына 20,0 акча каражаты болунуп, жаштар арсындагы таланттуулар катышып оз онорлорун тартуулашты.
Республикалык денгээлде откорулгон “Кочмондор” оюнуна Ленин айыл окмоту тарабынан атайын боз уй тигилип, катышуучуларды колдоо максатында жол жана башка чыгымдарын каржылап 25,0 сом акча каражаты болунуп берилди.
Эгемендуулуктун 25 жылдыгына карата 10,0 сом акча каражаты каралып, айыл спортсмендери учун оюн-зооктор уюштурулду.
Кышка карата айыл калкын (мумкунчулугу чектелген жарандарга) 120,0 тонна комур менен камсыздоо иштери жургузулду.
Кун-Элек айылына жаны мектеп куруу учун 37 млн 771 мин сомдук долбоор откорулуп, бугунку кундо 5млн 500 мин сомдук иш аткарылды
Мурдаш айылынын Кызыл-Булак, Ак-Бор участкаларына таза суу чыгаруу боюнча сметалык баасы 5млн 946 мин 613 сомдук долбоор откорулуп, бугунку кундо 1млн сомдук иш аткарылды
Мурдаш айылынын Ак-Талаа участкасына отуу учун 3 млн 243мин 700 сомго копуро курулду (МЧС)
Айыл окмоттун имаратынын 2 болмосун ремонт жасалып, 75 200 сомдук иш аткарылды.
Гагарин айылында Тоашкан баштооч мектебине ашкана куруу учун жергиликтуу бюджеттен 41 300 сом суммадагы акча каражаты болунуп, бугунку кундо имарат ишке берилгени турат.
Гагарин айылында Тоашкан баштооч мектебине демоорчулор тарабынан 50 000 сомдук иш аткарылып терезелеоге рейкалар кагылып, ремонт иштери жургузулду жана мектептин айланасын тосуп 10 000 сомдук иш аткарышты.
Согонду айылына таза суу учун 4млн 400 мин сомдук долбоор откорулуп бугунку кундо калк толугу менен таза суу менен камсыз болушту.
Буткул Дуйнолук Азык-Тулук программасынын алкагында долбоор жазылып иш аткарылып айыл окмоттун аймагында калк учун 177 тонна 724 кг ун жана 17296 л осумдук майы таратылып берилди.
15-февраль Афганчылар күнүнө карата айыл өкмөттүн аймагында жашаган 2 катышуучусуна айыл өкмөт тарабынан 6000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Бала бакча жана аппарат кызматкерлери учун офистик мебел сатып алуу учун мамлекеттик сатып алуулар порталына 114 500 сомго кулактандыруу берилип, женуучу аныкталып, келишимдер тузулуудо.
С. Кариев мектеби учун компьютердик жабдууларды алуу учун 160 000 сомго мамлекеттик сатып алуулар порталына кулактандыруу берилип, женуучу аныкталып, келишимдер тузулуудо.
Алай райондук ветеринария болуму тарабынан кара малды идентификациялоодо иш кагаздарды жургузуудо керектелууго 84 177 сомдук компьютердик жабдуу берилди.
“Жоогазын” балдар бакчасы республикалык жылдын мыкты бала бакчасы сынагына катышып, учунчу орунду камсыз кылып 40 000 сомдук сертификатка ээ болуп кайтты.
ВУС. 2016-жыл ичинде аскердик кызматта жүргөндөрдүн саны 2 бала. Ал эми азыркы учурда альтернативдик кызматта жургондордун саны 92, анын ичинен кызмат акысын толобогондугу учун убактысы жеткендигине байланыштуу 22 бала альтернативдик кызматтан чыгарылды, 20 бала аскердик билет алышты. Альтернативдик кызматка алууга план 860 400 сом толугу менен аткарылды.
ВЕТЕРИНАРИЯ. Айыл өкмөтүндө малдарды эмдөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө, ири мүйүздүү 2000 баш малга шарп оорусуна, 160 баш кара санга каршы атайын ваксиналар берилди. Жандыктарга 460 кой-эчкиге кара өпкөгө каршы 11800 сомдук иш аткарылды. Ит атуу боюнча айыл өкмөт тарабынан 70,0 сом акча бөлүнүп, 224 ит жана 16 мышык атылды. Айыл өкмөтүнүн аймагында КРС, бресулез ооруларына каршы 1150 ийри мүйүздүү малдан жана 10 баш жылкыдан кан жана 205 баш уйдан сүт текшерүү үчүн алынып, Алай райондук ветеринария бөлүмүнүн лабараториясына жөнөтүлгөн. Айыл өкмөтүн аймагында жайгашкан Согонду, Мурдаш, Күн-Элек жана Гагарин айылдарында иттер жана мышыктардын эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларына карышы 364 ит жана 6 мышыкты даарылоо иштери жүргүзүлдү. Бруцеллез оорусуна каршы айыл өмөтүнүн аймагындагы Согонду, Мурдаш Күн-Элек жана Гагарин айылдарында 6000 баш кой-эчкилерге козуно дары тамчылатылды, Согонду жана Күн-Элек айылынан 1150 баш уйдан кан алынып, 30 уйдун сүтү жана 9 баш иттин заны Алай райондук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун серелогия бөлүмүнө тапшырылды.
ЖАШЫЛДАНДЫРУУ-КӨРКТӨНДҮРҮҮ.
2016-жылдын март айынан май айына чейинки Ленин айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштардын социалдык-инфраструктуралык түзүмдөрүн жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын жүрүшү жөнүндө бүгүнкү күндө төмөндөгүдөй иштер аткарылууда (өсүү темпи менен)
№ | Иш-чаралардын планы | Аткарылган иштин өлчөмү | эскертүү |
| Ишембиликке катышкан мекеме-уюмдардын саны | 14 |
|
| Катышкан адамдардын саны | 246 |
|
| Бак-дарак тигилди; бардыгы, анын ичинен ийне жалбырактуулары (даана) | 4490 |
|
| Анын ичинен: |
|
|
| терек | 2891 |
|
| алма | 1019 |
|
| карагай | 10 |
|
| өрүк | 402 |
|
| жангак | 118 |
|
| гиларс | 50 |
|
| Ички жана борбордук көчөлөр тазаланды, тратуарлар иретке келтирилип, жолдор ремонттолду (км) | 3862 |
|
| Социалдык мекемелер ремонттолуп, акталды, сырдалды, имараттардын сырткы келбети, фасады ремонттолду (саны) | 10 |
|
| Айыл ичиндеги тосмолор, кашаалар орнотулду (п.м) | 4101 |
|
| Соода борборлору жана мал базарлар таштандыдан арылды ишкана, дүкөндөрдүн санитардык гигиеналык абалы жакшырып, иретке келтирилди (тонна, саны) | 1,6 |
|
| Ички арыктар жана каналдар тазаланды (км) | 4511 |
|
| Жол боюнда жайгашкан турак-үйлөр ремонттолуп акталды, сырдалды (саны) | 62 |
|
| Башка иштердин түрү |
|
|
| Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (мин сом) | 12189 |
|
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы: Н. Матанов.