КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-декабры № 131/XXXIX - 1
Кайыңды шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине сый акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016 – жылдын 30 – майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31 – беренесинин 7 - пунктуна ылайык, Кайынды шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин кызматкерлерине жана жумушчуларына 2016 – жылдагы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы менен Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине пландан ашыкча киреше түшкөндүгүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы :
1. Кайынды шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин кызматкерлерине жана жумушчуларына бир айлык оклад өлчөмдөгү сый акы берилүүсүнө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |