Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган III отурумунун
2017-жыл 8-февраль 3/5
Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн жер берүү жөнүндө
Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн жер берүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн жер жана өзгөчө кырд аалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдыык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн жер берүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн жер жана өзгөчө кырд аалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин эски корпусунун спорттук аянтчасынын бак жагынын чекесинен 0,18 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3.Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |
Ленин айылдык кенештин сессиясына
Билдирүү
Урматту депутаттар Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн жер берүүн сиздердин кароонуздарга сунуш кыламын. Мурдаш айылына айылдык клуб салуу үчүн А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин эски корпусунун спорттук аянтчасынын бак жагынын чекесинен 0,18 га жер тилкеси бар.Жер маселеси чечилип калса жакшы болот эле.
Ленин айыл өкмөтүнүн жер жана өзгөчө кырдаалдар
боюнча башкы адиси: Н.Нурдинов.