Редакцияот 23.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-декабры № 132/XXXIX - 2

Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык депутаттарынын сессиясы:

1. Кайыңды шаарынын Кривенко көчөсүндөгү №113 жалпы аянты 600 м2 жер тилкесинин 350м2 жеке турак- жай курулуш багытынан, айыл чарбалык эмес объекттер курулуш багытына өзгөртүүгө уруксаат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов