Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V отурумунун
2017-жыл 10-апрели № 5/6
Согонду айылындагы Үгүт үйүнүн алдындагы бактын чөбүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасына берүү жөнүндө
Согонду айылындагы Үгүт үйүнүн алдындагы бактын чөбүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасына берүү жөнүндө Согонду айылынын айыл башчысы А.Матеиповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылындагы Үгүт үйүнүн алдындагы бактын чөбүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасына берүү жөнүндө Согонду айылынын айыл башчысы А.Матеиповдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Согонду айылындагы Үгүт үйүнүн алдындагы бактын чөбүн Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасына берилсин жана аны мезгил-мезгили менен суугарып карап бактардын өсүшүн камсыз кылуу балдар бакчасынын кароолу Эшенкулов Гульшабекке милдеттендирилсин жана куурап ,жараксыз абалдагы бак-дарактардын калдыктарын балдар бакчага отун катары пайдалансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Матановко жана айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |