Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V отурумунун
2017-жыл 10-апрель № 5/7
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга бюджетинин болжолдуу планынын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын билдирүүсүн жана Ленин айылдык өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 11566,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 11556,0 мин сомго бекитилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-2020-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 10951,0 мин сомго бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2018-2019-2020-жылдарга 615,0 мин сомго бекитилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |