Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VI отурумунун
2017-жыл 07-июлу № 6/3
Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик Сервис” муниципалдык менчик турак-жай коммуналдык ишканасынын техникаларына гараж салууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы“Биримдик Сервис” муниципалдык менчик турак-жай коммуналдык ишканасынын техникаларына гараж салууга жер бөлүп берүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн ОКМ жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Н.Нурдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн “Биримдик Сервис” муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасынын техникаларына гараж салууга жер бөлүп берүү боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн ОКМ жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Н.Нурдиновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик Сервис” муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасынын техникаларына гараж салуу үчүн айыл өкмөтүнүн имаратынын алдындагы жер аянтынан 1,4 га жер аянты чектелип берилсин.
3.Токтомдун негизинде жер участкасын аныктап, тактап тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4.Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын Ленин айыл өкмөтүнүн ОКМ жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |