Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-декабры № 133/XXXIX- 3
Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2016 – жылдын 26 – августундагы № 123\XXXVI– “Кайынды шаарынын мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматын түзүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Кайынды шаарынын мэриясынын 2016 – жылдын 22 – декабрындагы “Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы тарабынан 2016 – жылдын 26 августундагы кабыл алынган “Кайыңды шаарынын мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматын түзүү жөнүндө” №123\XXXVI – 2 токтомун жокко чыгаруу тууралуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн 2016 – жылдын 21- декабрындагы № 698 каты менен таанышып, Кайыңды шаарынын персоналдарды башкаруу кызматынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 – жылдын 5- августундагы № 451 токтому менен бекитилген райондук маанидеги шаарлардын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык санына ылайык келбегендигин эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2016 – жылдын 26 – августундагы № 123\XXXVI – 2 “Кайыңды шаарынын мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматын түзүү жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2. Кайыңды шаарынын персоналдарды башкаруу кызматынын иши 2017 – жылдын 01 январынан тартып токтотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |