Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги VIII отурумунун
2017-жыл 10-октябрь № 8/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө депутат А.Омаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө депутат А.Омаралиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу,айрыкча бейтаптарды кабыл алууда жана дарылоодо аяр мамиле жасоо,диспансердик каттоодо турган ооруларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү,саламаттыкты сактоо мекемелеринин санитардык абалынын эрежелерин талаптарга ылайык кармоо ҮДТ,ФАПтын башчыларына милдеттендирилсин.
2.Кош бойлуу аялдарды өз убагында каттоого алып,төрөткө чейинки көзөмөлдү күчөтүү,карталарын өз убагында жазып берүү жана аларга түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү ,каттоодо турган ооруларга,майыптарга,5 жашка чейинки балдарга женилдик алуучуларга медициналык жардам көрсөтүү медицина кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык -техникалык базасын чындоо үчүн чет элдик донорлор,мамлекеттик эмес уюмдар, демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып баруу ҮДТ,ФАПтын башчыларына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |
Билдирүү
“Кепилдик” программасы боюнча 1112 кишиге рецепт жазылды. Баардык диспансердик ооруларга медициналык жардамды убагында алып турушат.
Диспансердик ооруларлын саны:
Чоңдор Согондуда – 503
Мурдашта – 542
Күң-Электе – 238
Жаш балдар Согондуда-89
Мурдашта – 116
Күң-Электе -64
Биринчи жардамга 1048киши бекер жардам алышкан.Кош бойлуу аялдар 9 айдын ичинде 89 аял убагында каттоого алынган. Эмдөө боюнча план менен өз убагында жүргүзүлүп турат.
98ай ичинде 70% балага эмдөө жасалды. Баардык жаш балдарды жана кош бойлуу аялдарды үйүнө барып көзөмөлдөп турушат.
Март айында Мурдаш, Согонду балдар бакчасындагы балдарды жана 1-класстан 4-класска чейинки өкуучуларды мите курттан анализ алып профилактикалык осмотр болду.
Май айында согуштун катышуучусу болгон 2 кишиге 252 сомдук аптечка берилди.
Санитардык агартуу жумуштары боюнча:Ар түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча сан. Бюллетендер чыгарылган жана аңгемелешүү жүргүзүлүп турат.
Согонду, Мурдаш, Күң-Элек боюнча 31 адам мерт болгон. Кышка даярдык боюнча 10 тонна көмүр түштү. Печка ремонттон өттү.
Мурдашка 5 тонна,Күң-Элекке-3тонна көмүр түштү.
Эмкананын материалдык техникалык абалы жакшы.Ремонт болду.
2017-жылга жетишкендиктер: таза суу менен камсыз болду.Энелер мектебине 1 пластик эшик, 1терезе коюлду. Энелер үчүн гимнастика ойногонго каринат топ, шведская стена берилди. Жетишпеген нерселер боюнча эмкананын айланасын тосуп берүүңүздү суранам.21 мартта Курманбаев Тагайбек үйүнүн үстүнөн түшүп кеткен, тез жардам менен Алай райондук больницага барып жаткыздык.ООруканадан чыккандан кийин кабар алып турабыз. Дары дармегине рецеп жазып беребиз, азыркы учурда 2-маал укол алып жатат.
1.Варатаны жаңыдан кылыш керек
2.Мусордун тегерегин тосуш керек
3.Жолду цементтеп берүү керек 20метр
4.Забор 40мерт тосуш керек