Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги IX отурумунун
2017-жыл 15-декабрь №9/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2018-жылдын бюджетин жана 2019-2020-жылдаргажергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2018-жылдын бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Токтабаеванын билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 8493,1 мин сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 10757,4 мин сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 11105,4 мин сом, чыгаша боюнча 9750,0 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата киреше 21063,9 мин сомго, чыгаша бөлүгү 11895,4 миң сомго аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын.
3. Ленин айыл өкмөтүнун бюджетинин 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 23226,2 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 7571,4 миң сом, өздүк киреше 15039,8 миң сом, атайын каражат 615,0 миң сом болгондугу белгиленсин.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга карата болжолдуу планы 23181,5 мин сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 7446,7 миң сом, өздүк киреше 15734,8 миң сом, 2020-жылга карата болжолдуу планы 22995,8 мин сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 7172,0 миң сом, өздүк киреше 15823,8 миң сом бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөрүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептердин, бала бакчалардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтунүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |