Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кенешинин VI шайланган кезектеги IX отурумунун
2017-жыл 15-декабры № 9/3
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 19131,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2018-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 19131,6 миң сом калган калдык акча каражатын 2018-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеваныны жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына өздүк кирешесинин 19131,6 миң сом калган калдык акча каражатынын 2018-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата өздүк кирешесинен 19131,6 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин:
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Аппарат | 701 | 22211100 | 550,0 |
ЖКХ | 706 | 22211100 | 125,0 |
Китепкана | 708 | 22211100 | 65,0 |
Клуб | 708 | 22211100 | 90,0 |
Бала бакча | 709 | 22211100 | 622,0 |
Орто мектеп | 709 | 22211100 | 200,0 |
Баштооч мектеп | 709 | 22211100 | 20,0 |
Орто мектеп | 709 | 22154900 | 276,0 |
Орто мектеп | 709 | 22221200 | 20,0 |
Бала бакча | 709 | 22154900 | 200,0 |
Бала бакча | 709 | 31112290 | 8400,0 |
Орто мектеп | 709 | 31112290 | 8400,0 |
Орто мектеп | 709 | 31123240 | 100,0 |
Бала бакча (Атайын каражат) | 709 | 22181100 | 0,7 |
Экономикалык маселелер (Жайыт комитети) | 70429 | 22154900 | 62,9 |
Жыйынтыгы: |
|
|
19131,6 |
3.Өткөн жылдын калган акча каражатын 2018-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелинүүчү беренелерине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановго жүктөлсүн.
4. Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Арынбаев |