Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2017-жыл 8-декабрь №12/1
Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18- беренесинин 4-пунктуна ылайык, Семиз-Бел айыл аймагынын 2017- жылдын 6-декабрындагы №219 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Семиз-Бел айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдаган материалдары бекитилсин.
2.Семиз-Бел айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдарын бекитип берүү жагы Кочкор райондук администрация башчысынын,2016-ж аяк оона айынын 13-дɵгү № 163 буйругу менен түзүлгɵн комиссиядан суралсын.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл окмɵт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |