Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2017-жыл 8 декабрь № 12/2
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Арсы айылына кичи футболдук аянтчаны үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен куруу жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Арсы айылына кичи футболдук аянтчаны үлүштүк (дем берүүчү) грант менен 3300000 (үч миллион үч жүз миң) сомго куруу жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,токтом кылат:
Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 500000 (беш жүз миң) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Арсы айылына кичи футболдук аянтчаны куруу» долбооруна каражат 2018-жылдын бюджетине каралып, бөлүнуп берилсин.
Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |