Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2017-жыл 8 декабрь № 12/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кара-Тоо айылына универсалдуу спорттук аянтчасын жана балдар үчүн оюн аянтчасын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен куруу жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кара-Тоо айылына универсалдуу спорттук аянтчасын жана балдар үчүн оюн аянтчасын үлүштүк (дем берүүчү) грант менен 2325245 (эки миллион үч жүз жыйырма беш миң эки жүз кырк беш) сомго куруу жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 350000 (үч жүз элүү миң) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Кара-Тоо айылына универсалдуу спорттук аянтчасын жана балдар үчүн оюн аянтчасын куруу» долбооруна каражат 2018-жылдын бюджетинен каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |