Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2017-жыл 19 декабрь № 13/1
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун 2017-жылы социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2017-жылда жүргүзүлгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсү боюнча 2017-жылда аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып ,өз убагында аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |