Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2017-жыл 19-декабрь № 13/3
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун жана туруктуу комиссиялардын кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жɵнүндɵ
Семиз-Бел айыл аймгынын айылдык Кеңешинин регламентине ылайык 2017-жылга карата жыл башынан бери жалпы 13-сессия анын ичинен кезектеги 4 жана каралган маселелерге 9 кезексиз сессия ɵткɵрүлдү. Семиз-Бел айылдык Кеңешинин иш планына ылайык сессиялар ɵткɵрүлүп,сессияда каралган маселелер боюнча жалпы 51 токтом анын ичинен. Азыркы учурда 15 токтом иш үстүндɵ.Калган 36 токтомдор тийиштүү мекемелерге жиберилип,аткарылгандыгын белгилеп. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жыл ичинде аткарган иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жыл ичинде иш план боюнча кезектеги 4 жана каралган маселелерге 9 кезексиз сессия баардыгы 13 сессия ɵткɵрүлүп 51 токтом кабыл алынгандыгы жана Семиз-Бел айылдык Кеңешинде аткарууга алынгандыгы белгиленсин.
3. Туруктуу комиссиялардын жыйналышында сессияда каралуучу маселелерди комиссиянын талкуусуна коюп, жыйынтык чыгаруу менен комиссиянын ишин жандандыруу жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу туруктуу комиссиянын тɵрагаларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |