Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2017-жыл 19-декабрь № 13/8
Семиз-Бел айыл аймагында жашаган турмуштун оор кырдаалында турган балдарды коргоо чөйрөсүндө аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы айылдарда жашаган турмуштун оор кырдаалында турган балдарды коргоо чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы “2015-2017-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулуктун алдын алуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү №125 буйругунунун аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси Ж.Абдыгулованын маалыматын угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында жашаган турмуштун оор кырдаалында турган балдарды коргоо чөйрөсүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө социалдык жактан коргоо боюнча адиси Ж.Абдыгулованын маалыматы эске алынсын.
2. Турмуштун оор кырдаалында турган балдарга өзгөчө көӊүл буруу, аларга аяр мамиле жасоо, түзүлгөн комиссия, мектептин директорлору, ФАП башчылары менен бирдикте түшүндүрүү менен иш алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Базаркулов. |