Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018- жыл 24-январь № 14/6
2018-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүу жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2018-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
Кой-эчки - 12 сом
Жылкы - 60 сом
Уй - 60 сом
Эшек - 60 сом
2018-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
Кой, эчки- 24 сом
Жылкы -120 сом
Уй -120 сом
Эшек – 120сом
2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризим багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишов жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевге милдеттендирилсин
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |