Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жыл 24-январь № 14/ 7
Семиз-Бел айылынын Жаӊы конуштагы ортоӊку көчөнү ѳзгѳртүп Жаманов Жетигендин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Эмгек Кызыл-Туу орденинин ээси, көп жылдар боюу чабан болуп эмгектенип Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводунун бир нече сыйлыктары жана ардак грамоталар менен сыйланган, элге эмгеги сиңген 1935-жылы туулган Жаманов Жетигендин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Семиз-Бел айылындагы Жаӊы конуштагы ортоӊку кѳчѳсүнүн тургундарынын 13-ноябрь 2017-жылдагы ѳткѳрүлгѳн элдин чогулушунун протоколун жана Семиз-Бел айыл башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
Семиз-Бел айылынын жаӊы конуштагы ортоӊку кѳчѳсүнүн тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана ортоӊку кѳчѳгө « Жаманов Жетиген » атындагы кѳчѳ деп аталсын.
« Жаманов Жетиген » кѳчѳсүнѳ мыйзамга ылайык кѳчѳнүн атын жазып, катар номерин коюу иштерин жана көчөнү жарыктандыруу, кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу жана тазалык иштерин уюштуруу жагы айылдык Кеӊештин депутаты Ч.Жамановго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга жана Семиз-Бел айылынын айыл башчысы Намазбек уулу Бектурсунга тапшырылсын.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |