Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жыл 24-январь № 14/8
Семиз-Бел айылынын Жаӊы конушундагы көчөгө Обонбаев Орозалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Эмгектин жана согуштун ардагери, көп жылдар боюу чабан жана жумушчу болуп эмгектенип бир нече сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланган, элге эмгеги сиңген 1925-жылы туулган Обонбаев Орозалынын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Семиз-Бел айылындагы Жаӊы конуштун тургундарынын 19-январь 2018-жылдагы ѳткѳрүлгѳн элдин чогулушунун протоколун жана Семиз-Бел айыл башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
Семиз-Бел айылынын жаӊы конушундагы айыл тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана көчөгө « Обонбаев Орозалы » атындагы кѳчѳ деп аталсын.
« Обонбаев Орозалы » кѳчѳсүнѳ мыйзамга ылайык кѳчѳнүн атын жазып, катар номерин коюу иштерин жана көчөнү жарыктандыруу, кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу жана тазалык иштерин уюштуруу жагы Обонбаев Орозалынын балдарына милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга жана Семиз-Бел айылынын айыл башчысы Намазбек уулу Бектурсунга тапшырылсын.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |