Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018- жыл 24-январь № 14/9
Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт Комитетинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылга карата түзүлгѳн иш планы бекитилсин.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдагы иш графигине ылайык бекитилсин.
Бекитилген иш пландын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |