Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жыл 6-февраль № 15/1
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча шайлоо комиссиялары жɵнүндɵгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиянын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун ɵкүлчүлүктүү органдарынын ɵкүлдɵрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине кɵрсɵтүлгɵн талапкерлер боюнча келип түшкɵн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Семиз-Бел жана Кара-Тоо айылдарынан Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди кɵрсɵткɵн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Эсеналиев Темирбек Жакыпович менен Чолпонкулова Чынара Бектурсуновнанын талапкерликтери сунушталсын.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талаперлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |