Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 6-февраль № 15/2
Арсы айылынын тургунун Сыдыков Нурбектин арызын кароо
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын 02.06.2015-жылдагы №21/8 токтомунун негизинде Арсы орто мектебине К.Мырзабаеванын ысымы ыйгарылгандыгы жɵнүндɵгү токтомду жокко чыгарып берүү жɵнүндɵгү Арсы айылынын тургуну Н.Сыдыковдун арызын карап чыгып жана талкуулап айылдык Кенеш , токтом кылат:
Мырзабаева Канымбүбү атындагы Арсы орто мектеби деп аталган Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын 02.06.2015-жылдагы №21/8 токтому жокко чыгарылсын.
Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |