Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жыл 6-февраль № 15/ 3
Арсы орто мектебине Телегей Сагынбаеванын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Социалистик эмгектин баатыры, көп жылдар боюу чабан болуп эмгектенип Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводунун бир нече сыйлыктары жана ардак грамоталар менен сыйланган, «Кыргыз ССРринин социалистик мал чарбасына эмгек сиӊирген мастер»деген наам берилген. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төртүнчү, бешинчи чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Элге эмгеги сиңген 1902-жылы туулган Телегей Сагынбаеванын ысмын Арсы орто мектебине ыйгаруу жөнүндөгү Арсы айылынын тургундарынын 2-февраль 2018-жылдагы ѳткѳрүлгѳн элдик чогулушунун протоколун жана Арсы айыл башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Арсы айылынын тургундарынын чогулушунун токтому бекитилсин жана
Телегей Сагынбаева атындагы «Арсы» орто мектеби деп аталсын.
Мектептин атын жаздырууга уюштуруу иштерин жүргүзүү Арсы айыл башчысына жана мектепке керектүү инвентарларынан жардам берүү, мектептин айлана-тегерегин кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу иштерин уюштуруу Телегей Сагымбаеванын балдарына милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрагасы: | Р. Базаркулов. |