Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2017- жыл 13-март № 4/6
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесине 6пунктуна ылайык Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесине 6--пунктуна ылайык 01.01.2017-жылдан баштап айыл чарба багытындагы жерлердин (үлүш жана КБФ нын жер салыгы) жер салыгынын ставкасы 2 эсеге көтөрүлсүн.
2. Кз аймактык коэффиценти 1,0 эсебинде бекитилсин.
3. Тазалык жыйымы 01.01.2017-жылдан баштап түтүнгө 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн сайтына жарыяланып, Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрагасы: | З. Алдакеев |